Бишкек, "Саясат.kg". МККБ жарандарды жол эрежелерин так сактоого чакырат жана мас абалында унаа башкарууга жол берилбесин эскертет.

Түнкү рейддин жүрүшүндө Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери жолдо шектүү жүрүм-турум көрсөткөн унаа айдоочуну токтотушкан.  Бул тууралуу МККБнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, текшерүү маалында айдоочунун айдоочулук күбөлүгү жана транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү жок экени аныкталган. Ошондой эле айдоочудан спирт ичимдиктеринин жыты сезилген. Ал Мамлекеттик наркологиялык диспансерге жеткирилип, текшерүүнүн жыйынтыгында унааны мас абалында башкарганы тастыкталган. Бул тууралуу МККБнын басма сөз кызматы билдирди. 

Өздүгүн аныктоо учурунда айдоочу эч качан өздүгүн тастыктаган документтерди албаганын билдирип, өзүнүн айтымында, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да жок экенин, болгону советтик паспорт болгонун, бирок ал документ да жанында жок экенин айткан.

Бул факты боюнча тиешелүү материалдар чогултулуп, укук бузуулар боюнча протоколдор түзүлдү. Унаа айып короого токтотулду. Материалдар мыйзамда белгиленген тартипте андан ары кароо үчүн өткөрүлүп берилди.

МККБ жарандарды жол эрежелерин так сактоого чакырат жана мас абалында унаа башкарууга жол берилбесин эскертет.