Аталган факт каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.
Чүй облусунда өз энесин уруп-сабап, кыйноого шектелген жаран кармалды.
Чүй облустук милициясынын маалыматына ылайык, 29-декабрда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Полтавка айылынын 40 жаштагы тургуну 44 жаштагы Ж.С. аттуу агасына чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал арызында 29-декабрга караган түнү агасы өз үйүндө 75 жаштагы энесин уктап жаткан учурда жаздык менен муунтуп өлтүрүүгө аракет кылганын, ал учурда денесине бир нече жолу сокку урганын жазган.
Аталган факт каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.
«Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн WhatsApp мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүлгөн жубайы менен кат алышуулары текшерилип, анда энесин өлтүрүү ниети тууралуу билдирүүлөр бар экени аныкталган. Ж.С. шектүү катары кармалып, райондук соттун чечими менен эки айга камалды», — деп жазылат маалыматта.
Тергөө иштери уланып жатат.
Булак: govori.tv