Бишкек, "Саясат.kg". Базар баасы 65 000 АКШ долларын түзгөн «Тойота Тундра» жана базар баасы 15 000 АКШ долларын түзгөн «Мерседес-Бенц «А-класс» унааларын ээлеп алган.
КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР жараны С.У.Э.нин алдамчылык аракеттери аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда ал КР Президенти жана УКМК төрагасы менен жеке үй-бүлөлүк мамилесине жамынып, базар баасы 65 000 АКШ долларын түзгөн 2022-жылкы «Тойота Тундра» жана базар баасы 15 000 АКШ долларын түзгөн 2011-жылкы «Мерседес-Бенц «А-класс» унааларын ээлеп алган.
Мыйзамдуу ээсинин (жабырлануучунун) аталган унааларды кайтарып берүү талабына жооп катары, С.У. физикалык коркутуу жана республиканын жетекчилиги менен байланыштарын шылтоо кылып, жогоруда айтылган унааларды кайтарып берүүдөн баш тарткан. Андан тышкары, жолугушууларда ал ар кандай маселелерди чечүүдөгү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып, бул сөздөрүн өлкө жетекчилигинин үй-бүлөлүк сүрөттөрүн көрсөтүү аркылуу далилдөөгө аракет кылган.
Аталган факты боюнча, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2025-жылдын 27-декабрында С.У. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө жана оперативдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.