Улуу баласына “биз жараштык” дешип, чоң энесине жөнөтүшкөн да, экөө жалгыз калышкан
Азамат Токтоналиевдин айтымында, жубайлар 10 жылдан ашык чогуу жашап келген. Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча милицияга буга чейин эч кандай кайрылуу түшкөн эмес. Болгону быйыл Балыкчыда жубайлардын кызганычтан улам чырдаша кеткен бир окуясын айткан.
“Кечээ соттук отурум болуп, алар расмий ажырашкан. Аялдын туулган күнү болгондуктан, шектүү аны куттуктагысы келген. Соттон кийин жолугуп, орток пикирге келүүнү каалашкан. Ал торт, гүл сатып алган. Камераларда экөөнүн унаа менен чогуу келип, үйгө киргени көрүнүп турат. Улуу баласына “биз жараштык” дешип, чоң энесине жөнөтүшкөн да, экөө жалгыз калышкан”, — деди Токтоналиев.
Шаардык милициянын жетекчиси шектүү мас болгонун билдирди.
“Саат 20:00дө үйгө киришкен, аялдын колунда гүл болгон. Ал эми 21:00дө сиңдиси 102ге чалып, жаңжал чыкканын билдирген. Даректи так айта албай, унаанын номерин гана көрсөткөн. Камералар аркылуу дарек аныкталып, 40 мүнөт ичинде милиция келген, бирок эшик илинүү болгон. Үй биринчи кабатта болгондуктан, кызматкерлер терезе аркылуу киришкен. Эркек киши качканга үлгүрбөй, колго түшкөн. Ошондо эле мас болчу”, — деп кошумчалады ал.
Булак: Сокол Медиа