Милиция кызматкери кызды коркутуп, психологиялык басым жасап жана күч колдонуу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган
Бишкек шаарында 20 жаштагы кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын Ленин РИИБге 2005-жылы туулган А.кызыА. арыз менен кайрылган. Арызында 2025-жылдын 28-ноябрында түнкү саат 23:30 чамасында Орок айылы тарапта таанышы менен унаанын ичинде отурган кезде, аларга белгисиз адам келип, өзүн милиция кызматкери катары тааныштырганы, андан соң, арыз ээсинин таанышын дүкөнгө жиберип, ал эми кызды коркутуп, психологиялык басым жасап жана күч колдонуу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгын билдирген.
Кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан арызда көрсөтүлгөн жаран К.Ж. аттуу милиция кызматкери экендиги аныкталып, кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген.
Материалдар жана шектүү УКМКнын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. 1988-жылы туулган К.Ж. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө уланууда.
Булак: govori.tv