Бишкек, "САЯСАТ.KG". Экспертиза жыйынтыгында бул зат кара куурай чайыры (гашиш) экени аныкталды.
Чүй облусунда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-ноябрда 35 жаштагы И.А. аттуу жарандан шек саналып, текшерүү учурунда анын капюшонунан кара түстөгү белгисиз эки түйүнчө табылган. Экспертиза жыйынтыгында бул зат кара куурай чайыры (гашиш) экени аныкталды.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо жана сатуу) боюнча катталып, тергөө башталды.
Текшерүүдө И.А. ички иштер министрлигинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо экени жана буга чейин бир нече ирет соттолгону белгилүү болду. Ал баңгизатты Аламүдүн районунун тургуну, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Б.А. аттуу адамдан сатып алганы аныкталды.
Б.А.нын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, 5,6 грамм баңгизат табылган. Экөө тең убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери уланууда.
Булак: koom.press