Бишкек, "САЯСАТ.KG". Шектүү катары 46 жаштагы А.М. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ош облусунун Ноокат районунда 10 жаштагы баланы зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция маалымдады.

Маалыматка ылайык, шектүү катары 46 жаштагы А.М. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренелери менен иш козголуп, тергөө жүрүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин өлкөдө педофилдерге жана сексуалдык зомбулук көрсөткөндөргө карата жазаны катаалдатуу, анын ичинде өлүм жазасын киргизүү демилгеси коомдук талкууга коюлган.

Булак: koom.press