Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

     КР УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана таратуу фактыларын аныктоого багытталган иш-чаралардын алкагында, ошондой эле баңгизаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө максатында, тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө баңгизат каналынын уюштуруучуларынын бири, КР жараны Г.А.Т. кармалды.
       Тактап айтканда, 2025-жылдын 17-ноябрында 1 килограммдан ашуун "ооган чарсы" (гашиш чайыры) баңгизатын сатууга аракет кылып жатканда, трансулуттук баңгизат тобунун уюштуруучуларынын бирине карата "Тажикстан Республикасы - Ош облусу - Чүй облусу" каттамы боюнча баңгизат жеткирүү каналын уюштургандыгы үчүн кылмыш иши козголгон.
       Тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, 2025-жылдын 18-ноябрында Г.А.Т. кармалып, Октябрь сотунун чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Жаза аткаруу  кызматынын №21 мекемесине камакка алынган.

ГКНБ