Бишкек, "САЯСАТ.KG". Заказ түшкөндөн кийин менеджерлер кардарларга кыздардын сүрөттөрүн жөнөтүп, макулдук алган соң көрсөтүлгөн дарекке чыгарып турушкан.

Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын борбор калаада мыйзамсыз интим кызматтарды көрсөтүүнү уюштурган жашыруун уюшкан топтун иштөө фактылары боюнча ыкчам маалымат түшкөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, топтун катышуучулары — кыздар — Бишкектин премиалдык мейманканаларында 300дөн 1000 АКШ долларына чейин бааланган интим кызматтарды көрсөтүп келишкен. Бул тууралуу шаардык милиция тараткан маалыматта айтылат.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иши козголду.

«Ыкчам иштердин жүрүшүндө аталган топтун ишмердүүлүгү «Резервная» аттуу жабык WhatsApp-группа аркылуу координацияланып турганы аныкталды. Группада 60тан ашык катышуучу болгон. Бир нече кыз менеджер катары иш алып барса, анын түзүүчүсү алдын ала маалымат боюнча Кыргызстандын чегинен тышкары жерде жашырынып жүргөн. Группасына кошуу алдын ала төлөм жана сунуштоо жолу менен гана жүргүзүлүп, жашыруундукту сактоо үчүн жашыруун сөздөр жана «жоголуп кетүүчү билдирүүлөр» функциясы колдонулган. Топтун ичинде коопсуздук, купуялык жана акча алуу боюнча белгилүү эрежелер болгон. Заказ түшкөндөн кийин менеджерлер кардарларга кыздардын сүрөттөрүн жөнөтүп, макулдук алган соң көрсөтүлгөн дарекке чыгарып турушкан. Кармоо болгон учурда топ толугу менен өчүрүлүп, жаңы номерлер менен кайра түзүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, борбордук милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын алкагында көзөмөл сатып алуусу жүргүзүлгөн. Бишкек шаарындагы сауналардын бирине топтун менеджери тарабынан жөнөтүлгөн үч кыз келишкен.

«Алар акчаны алган учур катталып, дароо кармалган. Аныкталган жарандар — 2003-жылы туулган А.А., 2003-жылы туулган К.Н., 1997-жылы туулган И.К., жана 2001-жылы туулган Ш.С., акча каражаттары менен бирге Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген. Ш.С. аттуу жарандын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине ылайык айып салынып, анын үй-бүлөлүк жагдайлары эске алынып, сот тарабынан үй камагына алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды», — деп жазылат маалыматта.

Учурда бул иш боюнча бардык зарыл болгон тергөө аракеттери жана башка катышы бар адамдарды аныктап, кармоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тергөө иш-чарасы улантылууда.

 

Булак: govori.tv