Бишкек, "САЯСАТ.KG". Кармалгандар убактылуу кармап турган жайга киргизилген.
Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы эс алуу жайларынын биринде Э.Б. аттуу жаран белгисиз адамдар тарабынан ур-токмокко алынып, ошол эле күнү алган жараатынан улам ооруканада каза болду. Милиция кылмышка шектүү төрт жаран кармалганын маалымдады.
«Алардын экөө милиция кызматкери. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.
Ал эми кармалгандар убактылуу кармап турган жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
Булак: govori.tv