Бишкек, "САЯСАТ.KG". Иш-чаранын негизинде шылуундар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бишкекте 71 жаштагы апаны батирин саттырып алдап кеткен шылуундар кармалды

Бишкекте 71 жаштагы апага өздөрүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, өзгөчө ири сумамадагы каражатка алдап кеткен шылуундар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 16-октябрынан 12-ноябрына чейин 71 жаштагы Р.Л. аттуу апага өздөрүн УКМК кызматкери катары тааныштырган шылуундар жабырлануучунун ишенимине кирип, батирин саттырып, түшкөн акчаны, ар кандай банктык эсептерге — жалпысынан 18 банкка котортуп алышкан.

Бул фактынын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 1-пунктуна ылайык (Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) кылмыш иши козголду.

Иш-чаранын негизинде шылуундар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Булак: 7 канал