Бишкек, "САЯСАТ.KG". Тергөө иштери улантылууда.

Сокулук районунун Гавриловка айылындагы окуучулардын жаңжалы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө Н.У. атту жарандын Instagram баракчасында жаш өспүрүмдөрдүн мушташы тартылган видео жарыялангандыгы аныкталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, 2025-жылдын 3-ноябрында Сокулук РИИБге аймактык ооруканадан ар кандай дене жаракаттары менен Т.Сатылганов атындагы орто мектептин 10-классынын эки окуучусу: Гавриловка айылынын тургундары 2009-жылы туулган Н.А. жана С.И. жеткирилгени тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Бул факт каттоого алынып, анын негизинде текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 9 жана 10-класстардын окуучуларынын ата-энелери бири-биринин балдарына карата милицияга арыз менен кайрылышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, жаңжалдын себеби — жашы кичүү окуучулардын улуу класстагы окуучуларга болгон мурунку таарынычы болгон.

Бул факты боюнча КЖКнин 131-беренесине (Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери окуяга катышкан бардык окуучуларды аныктап, Сокулук РИИБге тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн жеткиришти.

Тергөө иштери улантылууда. Анын жыйынтыгында окуяга тиешеси бар тараптардын аракеттерине укуктук баа берилип, мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат.

Булак: govori.tv