Бишкек, "САЯСАТ.KG". Алар өбүшүп жаткан учурда кыз жигитинин тилин жана эриндин ылдыйкы бөлүгүн тиштеп үзүп жиберген.

 

Тилин тиштеп алган... Манас шаарында өзгөчө зомбулук катталды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Манас шаарында 26 жаштагы жигит оор абалда ооруканага кайрылды. Анын тилинин жарымы жана астынкы эрнинин бир бөлүгү үзүлүп кеткен. Бул тууралуу Жалал-Абад милициясы тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя 8-ноябрь күнү түнкү саат 03:00дөр чамасында болгон. Тергөө учурунда жабырлануучу С. уулу Н. 2006-жылы туулган А.Ж. аттуу кыз менен сүйлөшүп жүргөнү жана экөө спирт ичимдигин ичип, досунун тоюнан кийин каргашалуу окуя болгонун ачыктады. Алар өбүшүп жаткан учурда кыз жигитинин тилин жана эриндин ылдыйкы бөлүгүн тиштеп үзүп жиберген.

Медиктердин айтымында, жабыркаган жарандын тилинин болжол менен 30 пайызы, эриннин 40 пайыз бөлүгү үзүлгөн, бирок операция ийгиликтүү өтүп, абалы туруктуу.

Учурда Манас райондук ички иштер бөлүмү тарабынан териштирүү иштери жүрүп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Булак: koom.press