Бишкек, "САЯСАТ.KG". Рейд учурунда 41 адам кармалып, тиешелүү тергөө жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Бишкекте интимдик кызмат көрсөтүү фактыларын аныктоо максатында 5–10-ноябрында “Притон” аттуу алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлдү. Иш-чараны шаардык жана райондук ички иштер башкармалыктары биргеликте уюштурганын мекемеден кабарлашты.
Рейд учурунда 41 адам кармалып, тиешелүү тергөө жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, 12 сауна жана 26 мейманкана текшерилип, алардын ээлери менен мыйзамды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери алып барылды.
Жыйынтыгында интимдик кызмат көрсөткөн 12 кыз-келинге Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине ылайык административдик протоколдор түзүлдү.
Булак: koom.press