Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

 

 КР УКМК тарабынан мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү башкармалыгында (мындан ары - Бишкек шаары боюнча МАККБ) жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча Өрт көзөмөлү кызматынын башкармалыгында (Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ӨККБ) пайдаланууга берүү актыларын даярдоо үчүн каражаттарды мыйзамсыз алуу боюнча коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду.
        Бишкек шаары боюнча МАККБ инспектору «А.Т.Д.» жана Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ӨККБ улук инспектору «С.М.А.» өз ара сүйлөшүп алып, Бишкек шаарында жайгашкан тигүү цехинин пайдаланууга берүү актысын макулдашуу жана кол коюу мөөнөтүн атайылап создуктурушуп, натыйжада «А.Т.Д.» тиешелүү актыга кол койгондугу үчүн КР жаранынан 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын опузалап алган. 
        Өз кезегинде «С.М.А.» кол койгондугу үчүн «МБанк» мобилдик тиркемеси аркылуу 27 миң сом акча каражатын которууну талап кылган.
        Топтолгон материалдардын негизинде, КР КЖК 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2025-жылдын 5-ноябрында тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө акча алып жаткан жеринен «А.Т.Д.» жана «С.М.А.» кармалышты.
        Кармалгандар КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда, ошондой эле аныкталган коррупциялык схемага башка адамдардын катыштыгын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 
        КР УКМК өлкөбүздө коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын катаалдашкандыгын эскертүү менен бирге, мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы иштерди алып барууну улантууда.