Бишкек, "САЯСАТ.KG". Жаңжалдын 5 катышуучусу кармалып, алар сурак берүү үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Бишкек шаарындагы “Булки” түнкү клубунун жанында чыккан мушташтын катышуучулары кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгы (БШИИББ) билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 31-октябрда саат 7:25тер чамасында милицияга аталган мушташ тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге патрулдук милициянын кызматкерлери барып, маалыматты тастыкташкан.

Натыйжада жаңжалдын 5 катышуучусу кармалып, алар сурак берүү үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Бишкек милициясынын билдирүүсүндө учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатканы, окуянын бардык жагдайлары такталып жатканы жана кошумча маалымат кийинчерээк берилери айтылат.

Булак: koom.press