Бишкек, "САЯСАТ.KG". Окуя “Азия Мол” соода борборунун жанында болгон.
Бишкектеги соода борборлордун жанынан айдоочу үч жашар кызды сүзүп кеткен.
Бишкек ШИИБдин Кайгуул кызматынын маалыматына караганда, окуя 20-октябрында саат 18:40 чамасында “Азия Мол” соода борборунун жанында болгон.
«Айдоочу 1986-ж.т. Б.А.Т. «GMC ACADIA» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып, Бишкек шаарынын Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан “Азия Мол” соода борборунун жанынан, тагыраак айтканда Ч.Айтматов-Алтымышев көчөлөрдүн кесилишинде күн батыш багытта бара жатып 2022-жылы туулган С.А.ны, сүзүп жол-транспорт кырсыгын жасаган. Натыйжада 2022-ж.т. С.А. алган жаракаттарынан улам каза тапкан», — деп жазылат маалыматта.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу кылмышка шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды.
Булак: govori.tv