Бишкек, "САЯСАТ.KG". Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 14-октябрь күнү Араван районунун ички иштер бөлүмүнө Маңгыт айылында жайгашкан мектептердин биринен 1 даана компьютер жабдыктары, 2 даана принтер жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн орнотулган 1 даана электрондук шайлоо урнасын (АСУ аппаратын) жана 1 даана урнанын үстүндөгү кошумча бюллетень эсептөөчү баштыгын белгисиз адамдар уурдап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.
Анын жүрүшүндө коомдук жайларга орнотулган видеөкөзөмөл камераларынын жазуулары каралып чыгып, кылмышка шектүү автоунаа аныкталган.
Ош ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнун жана Араван РИИБдин ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган М.уулу А. жана 2001-жылы туулган Ж.Р. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.
Булак: govori.tv