Бишкек, "САЯСАТ.KG". Иликтөөдө анын жазасын жеңилдеткен судьялар Сания Бранчаева, Жаңыл Мамбетаалы жана Кайсын Абакиров

Ысык-Көл облусунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектелип кармалган адамга зордук-зомбулукка байланыштуу жалпы 7 кылмыш боюнча шектелүүдө. Бул тууралуу “ЭлТР” телеканалынын укук коргоо органдары менен биргеликте жасаган иликтөөсүндө маалым болду.

Иликтөөдө айтылгандай, 4 кыз зордукталып өлтүрүлгөн. Шектүү бир кызды башына арматура менен чаап тоноп кеткен. Ал боюнча кармалып, сот тарабынан айып салынган.

Дагы бир кызды такси менен жеткирип бара жатып бычак менен коркутуп, колун таңып, зордуктоого аракет кылган. Кыз колундагы жипти үзүп, бычакты тартып алып кылмышкердин колун кесип жиберген. Кылмышкер кызды таш менен уруп кетип калган, кыз аман чыгып, милиция кайрылганы айтылат.

«Сүйрөп барып каналга ыргытты. Ыргыткандан кийин 15-20 секунддай туруп анан таш менен башыма урайын деген окшойт, бирок башыма тийген жок, кол жагыма тийди. Жаттым. Карап туруп, унаасына отуруп кетти. Кайра келип калат деп коркуп, көп убакыт жаттым. Каналдан чыгып карасам, жолдун маңдайында май куючу жай бар экен. Ошол жакка чуркап бардым. ГАИ келдиби, мени бир унаа менен ооруканага алып кетишти», — деген аман калган жабырлануучу.

Ал шектүүнүн үстүнөн арыз жазып, Октябрь РИИБине кайрылган. Шектүү кармалып, ага карата адам өлтүрүүгө аракет жасоо беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иш Октябрь райондук сотунун кароосуна жиберилген.

2016-жылдын 11-февралында 12 жылга эркинен ажыратылган. Бирок кийинки инстанция — Бишкек шаардык соту чечимди өзгөртүп 7 жылга эркинен ажыратат. Ал 2018-жылдын 28-апрелинде 2 жыл 17 күн жаза өтөө менен мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө №32 жатак абактан бошотулган.

Иликтөөдө анын жазасын жеңилдеткен соттор катары Бишкек шаардын сотунун судьялары Сания Бранчаева, Жаңыл Мамбетаалы жана Кайсын Абакировдордун аты аталды.

Булак: govori.tv