Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

 

«Евразия университети» коммерциялык эмес билим берүү мекемесинде коррупциялык көрүнүштөр аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Документтерди жасалмалоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, окутуучулар бир катар студенттердин лекция, модуль жана сессияларга катышпагандыгын билип туруп, зачет-экзамендик ведомостторго мыйзамсыз түрдө бааларды койгондугу аныкталды.

УКМКдан билдиришкендей, кылмышка 19 окутуучунун тиешеси бар. Алардын ичинен үчөө К.А.М., К.Н.А. жана Э.у.У. кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошондой эле 287 диплом мыйзамсыз берилгендиги аныкталган. Алар жокко чыгарылат.