Бишкек, "САЯСАТ.KG". Азыркы учурда жасалган кылмыш ишинин жагдайларын аныктоого багытталган бардык зарыл ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Ак-Ордо-3 конушундагы эки адамды өлтүрүү фактысы боюнча шектүү кармалды – ИИМ расмий маалымат берди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек шаарынын Ак-Ордо-3 конушунда эки адамдын өмүрүн алган кандуу окуя боюнча шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Ички иштер министрлиги расмий билдирүү таратты.

ИИМдин маалыматына ылайык, 3-октябрь күнү саат 03:28 чамасында 102 кызматına чакыруу түшүп, Ленин районундагы Ынтымак көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине белгисиз киши кирип, үй ээсине бычак сайганы айтылган.

Окуя болгон жерге ИИМ жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу барганда, үйдүн ичинен 1991-жылы туулган И.у.Э. жана анын 1987-жылы туулган бир тууган эжеси Б.А.нын жансыз денелери табылган. Баштапкы кароодо И.у.Э.ге 18, ал эми Б.А.га 11 жолу бычак сайылганы аныкталган.

Окуя болгон жерден бир катар далил буюмдар, ошондой эле автоунаанын жүк салуучу бөлүгүнөн ири суммадагы акча каражаты табылып алынган.

Аталган факт боюнча Бишкек ШИИББ Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш ишин козгоп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Маркумдун жубайы суракка алынып, анын берген көрсөтмөсү негизинде шектүүнүн болжолдуу келбети түзүлүп, бардык ички иштер органдарына багыттамалар жөнөтүлгөн.

Тергөө ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү боюнча толук маалыматтар жана фактылар чогултулуп, ал 2006-жылы туулган И.С. экендиги аныкталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү И.С. коомдук жайларда орнотулган ИИМдин “Коопсуз өлкө” долбоорунун тутумуна кошулган жүздү таануу көзөмөл камералардын жардамы менен кармалып, Тергөө кызматына жеткирилди.

Ошондой эле, шектүүнүн кайсы багытта жүргөндүгү боюнча видео маалыматтар такталып, Бишкек шаарынын аймагында жана ошондой эле Ысык-Көл облусуна чейинки аралыктагы видео көзөмөл камералары текшерүүгө алынган.

Мекемеден билдиришкендей, азыркы учурда жасалган кылмыш ишинин жагдайларын аныктоого багытталган бардык зарыл ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Ак-Ордо-3 конушундагы эки адамды өлтүрүү фактысы боюнча шектүү кармалды – ИИМ расмий маалымат берди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары