Бишкек, "САЯСАТ.KG". Алар жалпы 15 млн сомдон ашык зыян келтиргени белгилүү болду.

Алдамчылыкка шектелген 40тан ашык адам кармалды, деп маалымдады Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы. Муну менен бирге алар жалпы 15 млн сомдон ашык зыян келтиргени белгилүү болду.

Милиция жарандарды башкаларга өз банк карталарын, SIM-карта жана мобилдик тиркемелерин колдонууга бербөөгө чакырат.

Мындай аракеттер боюнча айып тагылган жаран 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, мүлктү кайтарып берүүгө милдеттендирилет. «Акча которуу, башка адам үчүн өз атына карта ачтыруу же үстөк пайыз үчүн өз картасын алдамчылык менен алынган акчаларга колдонуу — уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алектенүү катары кабыл алынат.

Негизинен кылмышкерлер кылмыштуу схемаларына пенсионер, студент же оңой акча табууну көздөгөн жарандарды тартышат», - деп кошумчалашты милициядан. 

Булак: Баракелде