Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.
КР УКМК тарабынан КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын ишмердүүлүгүндөгү коррупцияны жоюу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында шаардын кичи автобустарынын айдоочуларынан акча талап кылууда көрсөтүлгөн туруктуу коррупциялык схема аныкталып, токтотулду.
Иликтөөнүн жүрүшүндө айдоочулар бекер берилиши керек болгон «маршруттук карталар» деп аталгандарды алуу үчүн Каракол шаардык департаментинин кызматкерлерине ар кандай суммада акча төлөшкөн, өз кезегинде бул боюнча далилдер табылган.
Пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын башчысы С.К.М., башкы инспектору Э.А.Э. жана инспектор Ж.Э.С. кармалып, Каракол шаардык сотунун чечими менен тергөөнүн жүрүшүндө Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.