Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

 

{{ item.title }}

КР УКМК органдары Ош ОИИБ менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында эл аралык террористтик уюмдардын ишмердигине каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө ЭТУнун идеологиясынын жактоочулары жашаган 3 жер боюнча санкцияланган тинтүү иш-чараларын жүргүздү.
       Тинтүү иштеринин натыйжасында тыюу салынган экстремисттик адабияттар жана буюмдар табылган (25 китеп, 1 телефон, 6 дептер, 5 баракча).  Табылган буюмдар дин таануу экспертизасын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик мекемесине жөнөтүлдү.
       Экспертизанын жыйынтыгы менен кылмыш ишинин фигуранттарына карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.