Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

 

Козголгон кылмыш ишинин жана тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында КР УКМК тарабынан Бишкек шаарынын жашоочусу КР жараны С.У.Э. кармалды.

Аталган С.У.Э. өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинин жана УКМКнын айрым жетекчилеринин атын пайдаланып, алдамчылык жана ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу аркылуу жалпы суммасы 1 миллион 925 миң сомду түзгөн каражатты алганы аныкталган. Учурда тергөө иштери жүрүп, анын мыйзамсыз иш-аракетинин башка мүмкүн болгон учурлары да иликтенүүдө.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мындай мыйзамсыз аракеттерди жасаган жана мамлекеттик кызматкерлердин атын жамынып жарандарды адаштырган адамдар белгиленген тартипте жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылаарын билдирет.