Бишкек, "САЯСАТ.KG". Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, маркумдун өздүгү такталган.

 

{{ item.title }}

Чүй облусунда велосипедчен адамды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-сентябрда Токмок шаардык милициясына Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунун 64-чакырымында эркек кишинин сөөгү табылганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу болжол менен 50–55 жаштардагы европа улутундагы эркек кишинин жансыз денесин жана бузулган велосипедди аныктаган. Маркумдун денесинде жол кырсыгына мүнөздүү жаракаттар болгон.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, маркумдун өздүгү такталган. Ал 1962-жылы туулган К.Л. аттуу Токмок шаарынын тургуну экени белгилүү болду.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси («Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1966-жылы туулган С.Н. аттуу «VOLVO» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу аныкталып, КР ЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: Кабар