Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.
Балыкчы шаарына баңгизатын системалуу түрдө ташып келгендер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жарандары Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. баңгизаттарды Ысык-Көл районунан Балыкчы шаарына системалуу түрдө ташып келип, андан кийин колдонуу жана сатуу үчүн кол менен даярдашкан.
22-сентябрда Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. баңгизат каражаттарын ташып бара жаткан учурунда кармалып, тинтүү учурунда 6 килограмм баңгизат, баңги каражаттарын жасоо үчүн буюмдар, ошондой эле катталбаган «Тоз 8» үлгүсүндөгү ок атуучу куралдар алынган.
Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. кармалып, Каракол шаарынын тергөө абагына 2 айга камалды.
Тергөө иштери жүрүп жатат.