Бишкек, "САЯСАТ.KG". Сот аны күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салынган. Блогер сот залынан бошотулду.
Май айынын аягында күйөөсүнүн колунан каза болгон Айзирек Эралиеванын аброюна шек келтирген деген жүйө менен кармалган блогер Бауржан Абдумаликовго сот чечими чыкты.
Сот аны күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салынган. Блогер сот залынан бошотулду.
Бауржан Абдумаликовго карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «расалык, этникалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон болчу. Анын кармалышына социалдык тармактардагы баракчасына Айзирек Эралиеванын өлүмүнө келиндин өзүн күнөөлөгөн пикири себеп болгон.
26-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну, беш баланын энеси, 38 жаштагы Айзирек Эралиева Өзгөн районунун Алга айылына бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесине барып келгенден кийин өз үйүндө өлтүрүлгөн. Кылмышка шек саналып 40 жаштагы күйөөсү кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ал аялын аңчылык курал менен атканын билдирген. Маркум келиндин жакындары Айзирек күйөөсүнүн кызганычынын курмандыгы болуп калганын айтышкан.
Булак: govori.tv