Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.


КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы «Кең-Сай – автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда иш алып барган кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду.
Тактап айтканда, «Т.А.И.» аттуу КР жараны (каймана аты «Тайсон») жана анын иниси «И.у.К.» (каймана аты «Кудаш»), «Кең-Сай – автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда жеке ишкерлерге системалуу түрдө кысым көрсөтүшүп, криминалдык идеологияга берилгендиктерин жар салып, өлкөнүн жогорку бийлик өкүлдөрү менен болгон тууганчылык байланыштары тууралуу жалган билдирүүлөрдү жасап, бажы жана чек ара кызматынын кызматкерлерин коркутуу менен, көзөмөл-өткөрүү пунктунунун жумушуна тоскоолдуктарды жаратышкан.
Мындан тышкары, алардын Ноокен районунун чек ара аймагындагы аткезчилик иштерге (дары-дармектерди, тамеки буюмдарын, уюлдук телефондорду мыйзамсыз ташуу ж.б.), ошондой эле Өзбекстандан келген эмгек мигранттарын мыйзамсыз негизде Бишкек шаарына ташууга тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат алынды. Кармалган кылмышкерлер эмгек мигранттарын коркутуп, өздөрүнүн карамагында болгон таксилерге зордоп салып, алардан жол кире акысын чектен тыш жогорку баада талап кылышкан.
КР УКМК кармалган «Т.А.И.» и «И.у. К.»нын мыйзамсыз иш-аракеттеринен жабыр тарткандарды КР УКМКнын ишеним телефон номурларына кайрылууга чакырат - WhatsApp – 0995 012210.