Бишкек, "САЯСАТ.KG". Шектүүлөрдүн адвокаттары коюлган кинелер боюнча бир да далил жок экенин айтып, актоону өтүнгөн.
Бүгүн, 17-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Клооптун” мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду күнөөлүү деп таап, беш жылдан абакка кести. Бул тууралуу укук коргоочу Гулшайыр Абдирасулова фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында, сот басылманын эки эсепчисин да айыптуу деп таап, үч жылдык пробация жазасын чегерди.
Прокурор Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду сегиз жылдан, эки эсепчини алты жылдан абакка кесүүнү сураган.
Шектүүлөрдүн адвокаттары коюлган кинелер боюнча бир да далил жок экенин айтып, актоону өтүнгөн.
Булак: govori.tv