Бишкек, "САЯСАТ.KG". Эркектердин бири таанышын сабап, бетине тээп эс учунан тандырып койгон.
Бишкектеги «Жаштар кварталында» кишини сулата тепкен окуя боюнча эки киши кармалды.
Буга чейин Токтоналиев көчөсундө болгон мушташтын видеосу социалдык тармактарга тараган.
Маалыматка ылайык, эркектердин бири таанышын сабап, бетине тээп эс учунан тандырып койгон. Кийинчерээк сабалган адамга короонун тургундары жардам берген.
Окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөөнүн жүрүшүндө 1985-жылы туулган С.С. жана 1988-жылы туулган Л.Ю. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошондой эле коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 1989-жылы туулган Р.Б. аттуу жаранга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлдү.
Тергөө уланууда.
Булак: govori.tv