Бишкек, "САЯСАТ.KG". Учурда тергөө иштери уланууда.

Мурдагы депутат Алтынбек Жунус уулу камактан бошотулду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алтынбек Жунус уулу камактан чыгарылды. Бул тууралуу 3-сентябрда Бишкек шаардык соту маалымат тастыктады.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук соту 2025-жылдын 18-августунда аны эч жакка кетпөө тил катынын негизинде үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

Эске салсак, буга чейин УКМК Алтынбек Жунус уулу жана парламенттин дагы бир мурдагы депутаты Муратбек Малабаевдин кармалганын маалымдаган. Аларга Нарындагы көмүр кенин иштетүүгө лицензиясы бар компаниянын акцияларын мыйзамсыз тартып алышкан деген айып коюлган болчу. 

Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: koom.press