Бишкек, "САЯСАТ.KG". Айтмамат Кадырбаев 2014-2018-жылдары Ош шаарынын мэри болуп иштеген.
![]()
Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин бөгөт чарасы 26-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, 4-октябрга чейин камакка алынганы белгилүү болду.
Ага Кылмыш кодексинин 40-беренесинин, 336-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.
Эскерте кетсек, Айтмамат Кадырбаев 2014-2018-жылдары Ош шаарынын мэри болуп иштеген. Андан соң Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.
Булак: govori.tv