Бишкек, "САЯСАТ.KG". Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

2 млн сомдук алдамчылык: шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Чүй облустук милициясынын маалыматына ылайык, үчүнчү жактарга электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык активдердин капчыктарын жана SIM-карталарды атайылап берүү же сатууга байланыштуу шектелгендер кармалды.

Маалыматта айтылгандай, Ысык-Ата РИИБине 25-августта арыз түшкөн. Арыз ээси белгисиз адамдар өздөрүн мамлекеттик кызматкерлер катары тааныштырып, ишенимине кирип, WhatsApp аркылуу 2 миллион сомдон ашуун акчасын алдап алышканын билдирген.

Тергөөдө акча каражаттары QR-код аркылуу 19 жаштагы эки жана 21 жаштагы бир жарандын атына катталган эсептерге которулгандыгы аныкталды. Алар өз карталарын белгисиз адамдарга акча үчүн берип, мыйзамсыз каражаттарды накталайга чыгарууга көмөктөшкөн.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Булак: koom.press