Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

          КР УКМК Бишкек шаарында экстремисттик жана террористтик идеологияны тараткан адамдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуга багытталган бир катар алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрдү. 
          Алдын алуу иш-чаралары тыюу салынган уюмдардын мүчөлөрүнө, эл аралык террористтик жана диний-экстремисттик уюмдарга тиешеси бар мурда соттолгон жарандарга, анын ичинде Сириянын согуштук аймактарынан кайра өз мекенине кайтып келгендерге карата жүргүзүлдү. Бир катар ыкчам-түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында радикалдык идеялардын айрым жактоочулары буга чейинки жандап жүргөн уюмдардын коомго жана мамлекетке зыяндуу жана кыйратуучу таасири бар экендигин моюнга алышып, өздөрүнүн туура эмес көз караштарынан баш тартышты. 
          Түшүндүрүү-алдын алуу иш-чараларынын жыйынтыгында «Хизбут Тахирир», «Йакын-Инкар» жана башка диний агымдардын мүчөлүгүнөн, экстремисттик уюмдардын жана агымдардын идеологиясынан 30дан ашык адам расмий түрдө баш тартышты.
          КР УКМК эскертет: экстремизм жана терроризм өлкөнүн улуттук коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч келтирет. Тыюу салынган идеологияны жайылтууга байланышкан ар кандай иш-аракеттерге эң катаал түрдө бөгөт коюлат. Мындай аракеттер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кылмыш-жаза жоопкерчилиги, анын ичинде узак мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу боюнча оор жазалар каралган.
          КР УКМК жарандарды деструктивдүү пропагандага алдырбоого чакырат. Эгерде диний жаатта билим алуу боюнча түшүнбөгөн, күмөндүү учурлар жаралган учурда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын расмий түзүмдөрүнө гана кайрылууну өтүнөт.
          Учурда Бишкек шаарынын аймагында РЭТ/ЭТУ, ошондой эле алардын тарапкерлеринин ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда.