Тергөөчүлөрдүн айтымында, бул жарандар Telegram аркылуу баңгизатка буйрутма алып, аны бөлүп-таңгактап сатып келген болушу мүмкүн.
Бишкекте баңгизат сатууга шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу 22-августта Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери баңги жана психотроптук заттарды Telegram-канал аркылуу таратуу боюнча маалымат алышкан. Социалдык тармактарда жүргүзүлгөн ыкчам иштердин жүрүшүндө тыюу салынган заттарды сатуу фактылары тастыкталган.
9-июлда 1998-жылы туулган жаран кармалган. Ал «куратор» катары иш жүргүзгөнү аныкталган. Шектүүдөн 9 «момпосуй» табылып, анын ичин гашиш толтурулгандыгы аныкталган. Мындан тышкары, ал баңгизат катылган жерлерди көрсөткөн.
20-августта 1997-жылы туулган дагы бир жаран кармалды. Ал «таңгакчы» катары шектелүүдө. Анын үйүнөн жалпы салмагы 2 кг 633 граммды түзгөн гашиш табылган.
Тергөөчүлөрдүн айтымында, бул жарандар Telegram аркылуу баңгизатка буйрутма алып, аны бөлүп-таңгактап сатып келген болушу мүмкүн. Учурда фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Булак: koom.press