Бишкек, "САЯСАТ.KG". Шектүү эки айга тергөө абагына киргизилди.
Бишкекте адам өлтүрүү фактысы боюнча 22 жаштагы жигит кармалды.
Милициянын маалыматына ылайык, 15-августта милицияга Бишкектин борборундагы көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынан телефон чалуу түшкөн. Алар подъездде жагымсыз жыт чыгып жатканына даттанышкан. Милиция кызматкерлери жыт чыккан батирдин ичинен 1976-жылы туулган аялдын сөөгүн табышкан. Кылмышка шектүү катары анын 2003-жылы туулган М.А. аттуу уулу кармалган.
Факт Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен катталган.
Шектүү эки айга тергөө абагына киргизилди.
Тергөө иштеринин алкагында соттук-медициналык жана психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалды.
Kaktus.media өздүк булактарынын маалыматына таянып шектүү энесинин сөөгүн жиликтеп салганын жазды.
Булак: govori.tv