Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

 

WhatsApp Image 2025-08-19 at 14.13.12.jpeg

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында аныкталгандай, 2025-жылдын май айында Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору «И.М.А.» Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө пландык текшерүү жүргүзүп, анын жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузууларды жаап-жашыргандыгы үчүн айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен опузалап акча талап кылуу жолу менен 800 миң сом алган. Өз кезегинде Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кызматкерлери социалдык объектини куруу боюнча өткөрүлгөн тендерде жеңүүчүлүктү ыйгаргандыгы үчүн подряддык компаниядан 10%дык сый акы түрүндө акча каражатын алышкандыгы аныкталган.
          Аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Эсеп палатасынын кызматкери «И.М.А.» кармалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.