Бишкек, "САЯСАТ.KG". Учурда тергөө иштери уланууда.
Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына 20 жаштагы кыз кайрылып, кайнатасы зордуктаганын билдирген. Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголду.
16-август күнү тергөө амалдары учурунда шектүү, 54 жаштагы И.А., ишти жаап салуу максатында тергөөчүгө 50 миң сом сунуштаган. Ал учурда КР ИИМдин СВР кызматкерлери тарабынан кармалды.
Мындан тышкары ага каршы КР Кылмыш-жаза кодексинин «Пара берүү» беренеси боюнча дагы кылмыш иши козголду. Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Булак: koom.press