Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

КР УКМК тарабынан 2025-жылдын 8-августунда Араван районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерине ири өлчөмдө (150 миң сом) пара берүү фактысы боюнча Араван районунун тургуну, КР жараны К.И.Р. кармалды.
          Тактап айтканда, Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн Тепе-Коргон айылынын тургуну К.И.Р аттуу жаран, пайдалуу аянты 2000 чарчы метр соода борборунун имаратын суу коргоо зонасынын аймагына мыйзамсыз тургузуп алганы аныкталган. Ошол эле учурда, алдын ала алынган маалымат боюнча, Араван райондук архитектура башкармалыгы жана Ош облусу боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы тарабынан имаратты пайдаланууга уруксат кагаздарын берүү КР мыйзамдарын бузуу менен берилген.
          Мындан тышкары, К.И.Р. уруксат кагаздарын алуу максатында жогорку даражадагы мамлекеттик кызмат адамдарынын атын жамынып, ошондой эле «соода борборунун ачылышына КР Президентинин катышуусу болжолдонууда»-делген жалган маалыматты колдонгон.
          2025-жылдын 9-августунда, КР КЖК 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык К.И.Р. КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
          Учурда жогоруда аталган мамлекеттик органдар тарабынан берилген уруксат кагаздарынын негиздүүлүгү боюнча экспертизанын корутундусун алууга жана алардын жоопкерчилигин андан ары кароого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.