Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.
КР УКМК тарабынан Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте аткезчиликке каршы күрөшүүгө багытталган иш-чаралардын алкагында ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттерден Кыргыз Республикасына мыйзамсыз тооктун тоңдурулган этин киргизүүгө аракет жасаган факты аныкталган.
Тактап айтканда, 2025-жылдын 3-августунда Талас облусунун “Чоң-Капка-автожол” Көзөмөлдөп өткөрүү пунктунда, 1985-ж.т. КР жараны Б.М.М. башкаруусунда, “Мерседес-Бенц” Атего үлгүсүндөгү автоунаа кармалып, аны тинтүү учурунда Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алынып кирип келе жаткан, болжолдуу баасы 2 млн 470 миң сомду түзгөн 6 тонна тооктун тондурулган эти жана башка фабрикаттар табылган.
Учурда тергөөгө чейинки өндүрүш ишинин алкагында мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын өлчөмүн жана аткезчилик ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктоого багыттылган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.