Бишкек, "САЯСАТ.KG". Учурда тергөө иштери улантылууда.

Бишкек шаарында милиция кызматкерине пара сунуш кылууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-августта 20 жаштагы тургун милицияга кайрылып, Чортеков жана Жайыл Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде анча тааныш эмес адам Kia K5 унаасында ага сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракетин көргөзүүгө аракет кылганын билдирген.

Бул факт каттоого алынып, шектүү кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Ал жерден шектүү кылмыш ишин токтотуу максатында милиция кызматкерине пара сунуш кылууга аракет кылган.

Натыйжада, Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча кылмыш иши козголуп, 5-августта 27 жаштагы жаран пара берип жаткан учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Булак: koom.press