Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

 

Ири өлчөмдөгү акча талап кылгандар кармалды

КР УКМК тарабынан КР жараны Р.Б.И. алдамчылык жана ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча.
Такталгандай, Р.Б.И. тарабынан коркутуп-үркүтүү жана шантаж жолу менен, ошондой эле КР УКМКнын айрым кызматкерлери менен байланышы бар экендигин айтып, мурда КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча маселени чечип берүүнү убада кылып, КР жараны К.Э.И.ден акча каражаттарын ээлеп алганы аныкталган.
Андан соң ал арыздануучудан маал-маалы менен 2500 АКШ доллары өлчөмүндөгү акчаны жана «Айфон-16 «проМах» үлгүсүндөгү жаңы уюлдук телефонун опузалап алган.
Кылмыш ишиндеги төгүндөлгүс далилдерди эске алуу менен жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Р.Б.И. кармалып, КР ЖАКнын №1 тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда ушул сыяктуу мыйзамсыз фактыларды, ошондой эле башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
КР УКМК өлкөнүн мыйзамдарын бузууга жол берилбестигин эскертет, эгерде алардын бири аныкталса, катуу тиешелүү чаралар көрүлөт, анын ичинде кылмыштуу да чаралар көрүлөт жана мындай фактылардан жапа чеккен жарандар 0312 62-05-85 номуруна кайрылууга чакырат.