Бишкек, "САЯСАТ.KG". Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралууда.

Вьетнамда героин аткезчилигине айыпталган кыргыз жараны кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

31-июлда Вьетнамда Германияга 670 килограмм героин баңгизатын мыйзамсыз ташууга айыпталган, эл аралык издөөдө жүргөн О.У.Д. аттуу кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Ички иштер министрлиги билдирди.

Шектүүнү кармоо үчүн ИИМ, Вьетнамдын укук коргоо органдары жана Интерполдун Башкы катчылыгы менен биргеликте эл аралык операция жүргүзүлгөн.

Бул кылмыш иши 2019-жылы Германия полициясы "чыгыш таттуулары" деп жасалма таңгактарга катылган героиндин ири партиясын кармаган учурда ачылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган жүк Бишкектеги "Элит Шоко" фирмасына тиешелүү экени аныкталган.

Тергөө маалында О.У.Д. чет өлкөлүк шериктери менен чогуу эл аралык кылмыштуу топтун мүчөсү катары героинди Ооганстандан сатып алып, халванын ичине катып, жалган документтер менен Европага өткөрүп жүргөнү белгилүү болгон.

Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралууда.

Булак: koom.press