Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү аныктоо жана кайтарып алуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында Баткен районунун Төрт-Гүл а/а Жаңы-Жер айылындагы жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды.
       Тактап айтканда, 2001-жылы Дара айыл башкармалыгынын (азыркы Төрт-гүл) жана Баткен райондук администрациясынын токтомдорунун негизинде аянты 4,95 Га жер тилкеси 1985-2001-жылдары "Жаңы-Жер" шарап жана консерва цехтери муниципалдык ишканасынын жетекчисине мыйзамсыз берилген. Андан кийин алар участокту андан ары сатуу максатында мыйзамдаштырууга бир нече жолу аракет кылышкан.
       Ошентип, “Кылмыштардын бирдиктүү реестри”  Автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматтарды эсепке алуу журналында катталган тергөөгө чейинки текшерүүдө жер тилкеси мамлекеттик баланска кайтарылды.