Бишкек, "САЯСАТ.KG". Баюу максатында Чет-Булак кварталындагы жайыт аянттарын 24 жаранга менчикке берип жиберишкен.
Баткен шаарында жайгашкан 4,8 гектар жайыт жер мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура 28-июлда билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен шаардык мэриясынын, Шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин айрым кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып, баюу максатында Чет-Булак кварталындагы жайыт аянттарын 24 жаранга менчикке берип жиберишкен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.
Башкы көзөмөл органы мындай мыйзамсыз аракеттерге каршы иштер улана турганын белгиледи.