Бишкек, "САЯСАТ.KG". Тергөө иштеринин жүрүшүндө башка тиешелүү фактылар да такталууда.

Бишкекте 12 миллион сом алдамчылыкка шектелген 19 жаштагы жигит кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Шаардык милициядан кабарлашкандай, Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча 19 жаштагы жигит кармалды.

Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган жаран өздөрүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, УКМКнын жана Улуттук банкынын кызматкерлери катары тааныштыргандарга электрондук эсебиндеги 12 миллион сомду алдатып жибергенин билдирген.

Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кармалган жигит схеманын бир бөлүгү болуп, уюштуруучулардын көрсөтмөсү менен банк карталарын блоктоп, андан акчаны чыгаруу аркылуу кылмыштын изин жашырган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө башка тиешелүү фактылар да такталууда.