Бишкек, "САЯСАТ.KG". Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Кызыл-Кыяда жеке ишкерден акча талап кылган салык кызматкери кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-июлда жеке ишкер Кызыл-Кыя ШИИБге арыз менен кайрылып, Мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын улук инспектору дүкөнүн текшерип, салыктан бошотуу үчүн 200 миң сом пара талап кылганын, акча алганын билдирген.

Арыз негизинде кылмыш иши козголуп, 22-июлда салык инспектору 2 200 долларын кайтарып берип жаткан жеринен кармалган.

Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Булак: 7 канал