Бишкек, "САЯСАТ.KG". Тергөө амалдары уланууда.

Баткен облусунун Лейлек районунда телефон уурулугу боюнча ишти оң жагына чечтирүү үчүн милиция кызматкерине пара берген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы 22-июлда билдирди.

Маалыматка ылайык, Раззаков шаарынын 52 жаштагы тургуну С.З. уурулук ишин “жабуу” максатында тартип сакчысына 40 миң сом сунуштап жаткан учурда кармалган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча катталып, тергөө амалдары уланууда.

Булак: koom.press