Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

 {{ item.title }} 

2025-жылдын 15-июлунда КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын башчысы К.Туманбаевдин атын пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын жараны 1993-жылы туулган К.Ж.Ж. кармалды.
      Тактап айтканда, К.Ж.Ж.  аттуу жаран К.Туманбаев менен жакын мамиледе экендигин айтып, «Көчмөн сити» турак-жай комплексинин 18 кварталынын курулушуна подряддык жумуштарга уруксат берүүнү убада кылып, жабырлануучудан 100 миң АКШ долларын алганы аныкталган.
       Мындан улам, К.Ж.Ж.нын кеңсесин текшерүү учурунда 60 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма акчалар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу К.Туманбаевге жазылган жасалма жазуу түрүндөгү кайрылуулар аныкталып, алынган.
       КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында К.Ж.Ж. КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат. Белгилей кетсек, мында кошумча КР КЖКнын 233-беренеси (акча жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) боюнча да иш каралууда.
       Ошону менен бирге КР УКМК аталган жарандардын алдамчылык аракеттеринен жабыр тарткан адамдар болсо:  0312 620585 байланыш номери боюнча КР УКМКнын нөөмөт кызматына кайрылууну өтүнөт.